• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Мусабекова чек арадагы конфликттерди чече албай жатканы үчүн Өкмөттү сынга алды

17 Аяк оона 201915:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова чек арадагы конфликттерди чече албай жатканы үчүн Өкмөттү сынга алып, сунуштарын айтты. Бул тууралуу Мусабекова ЖК комитетинин жыйынында билдирди.

«Мына мартта чек арада чыр чыкты, биз анын жабык эшик артына да, ачык да талкууладык. Бир топ тапшырмаларды бердик. Чек арада жайгашкан айылдарга өзгөчө макам берүү, чек арачылардын айлыгын көтөрүү тууралуу да айтылган эле», — деди депутат.

Мындан сырткары Мусабекова өкмөттүн өкүлүнө суроо узатып, кечээки жаңжалда тажик тараптан канча адам жабыркады деп сурады.

Ал эми өкмөттүн өкүлү азырынча так маалымат жок экенин айтып, болжолдуу алты адам жабыркаганы жөнүндө айтылып жатканын билдирди.

«Мына бул жакка эле маани берсек, ал эми биздики болсо баардык жагы ачык, каалаган маалыматты таап алып алса болот», — деген пикирин айтты.

https://www.facebook.com/kg.sdpk/videos/606406413223421/?v=606406413223421

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келгени кабарланган.

Количество просмотров: 25