• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мушкер Канат Келдибеков «Ахмат» турнирине катышат

26 Баш оона 2019 11:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

Кыргыз мушкери Канат Келдибеков 4-октябрда Грозный шаарында өтө турган эрежесиз эр уруш боюнча ACA (Absolute Championship Akhmat) турнирине катышат. Бул тууралуу аталган уюм интернеттеги расмий баракчасы аркылуу жарыялады.

Маалым болгондой, «Тайсон» каймана аты менен таанылган Кыргыз мушкери 61 килограмм салмак категориясындагы орусиялык Дукваха Астамиров менен беттешет.

Кошумчалай кентсек, Канат Келдибеков расмий түрдө 12 беттешти утуп, төрт ирет жеңилүүгө дуушар болсо, ал эми кезектеги атаандашы Дукваха Астамиров аралаш мушташ боюнча төрт беттешти утуп, эки ирет жеңилген.

Количество просмотров: 8