• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Мушташ учурунда эркек киши каза болду

13 Бирдин айы 2023 11:44 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда мушташ учурунда эркек киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облусук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 03:30дар чамасында милицияга Сокулук айылындагы дүкөндүн алдында белгисиз жаран 29 жаштагы А.Ш. аттуу жаранга бычак сайгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факт райондук милиция бөлүмү катталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал күнү А.Ш. өзүнүн достору менен дүкөнгө киргендиги, алар менен дагы эки адамдын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка айлангандыгы аныкталды.

“Мушташ учурунда бир жаран дүкөнгө чуркап кирип, ал жактан бычак алып чыгып, А.Шны сайган”, — деп айылат маалыматта.

Аталган факт боюнча 122-берененин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 18 жаштагы С.А. жана 19 жаштагы Э.А кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 136