• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мушташка аралашкан 30дай окуучу кармалды

27 Жетинин айы 2018 10:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
Кара-Сууда мушташкан мектеп окуучуларынын үстүнөн териштирүү башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, 22-ноябрга караган түнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө телефон аркылуу жаш балдардын тобу мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, мушташып жаткан 31 окуучуну кармаган. Алар Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл аймактарынын 10-11-класстарынын окуучулары экендиги аныкталган.
Мушташ учурунда 15 жаштагы окуучу денесинин көп жеринен миздүү нерседен жараат алган. Ал дароо Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экендиги айтылууда.
Ал эми окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, тиешелүү мекеменин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды.
Количество просмотров: 24