• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Муздаткычта жашап жаткандай». Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жай тууралуу айтты

14 Бештин айы 2019 22:29 Бишкек Govori.TV

Экс-депутат Равшан Жээнбековду бүгүн, 14-декабрда Биринчи Май райондук сотуна алып келишти.

Анын баш коргоо чарасы каралмак.

«Азыр саясий оппоненттерди камоо жүрүп жатат, бирок муну менен Кыргызстандагы маселе чечилбей эле. Жакырдык, адилетсиздик, эркин медиага басым көрсөтүү маселелери», — деди Р.Жээнбеков журналисттерге.

Ошондой эле Р.Жээнбеков Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынын шартына нааразы экенин билдирди. Анын айтымында убактылуу кармоочу жайдын ичи суук.

«Ал жак аябай суук. Кышында муздаткычта жашап жаткандай», — деди экс-депутат.

https://m.facebook.com/kunduz.ajibekova/posts/2423538527769672?d=m&vh=i

Количество просмотров: 3450