• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Музей жана ат майдандагы коррупция боюнча соттук териштирүү башталды

28 Бугу 201912:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Бишкектеги Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши сотко өткөрүлдү.

Иш бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштайт. Бул тууралуу Жогорку соттон ырасташты.

Улуттук тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталып жатышат. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана экс-премьер-министр Сапар Исаков бар.

Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. 27-майда бир катар коомдук ишмерлер менен тарыхчылар президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдоп, Карыбаеваны күнөөсүз деп эсептей турганын айтышкан. Алар акыйкат сот чечимин чыгарууга бийликти чакырышты.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу камакта отурган Сапар Исаков буга чейин музей боюнча ылмыш ишин саясий негизде козголгон деген пикирин билдирген.

Количество просмотров: 13