Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.
Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев XIX кылымга таандык СССР учурунда берилген баалуу эки сүрөттү калыбына келтирүү үчүн алып, кайра жыбыркаган абалда музейге кайтарган деген кызматтык кат үстүбүздөгү жылдын 2- майында Маданият, маалымат жана туризм министрине келип түшкөн.
Ага ылайык, бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо максатында аталган музейге барып, директор Юристанбек Шыгаевди жумуш ордунан кездештире алган жокбуз. Ал эми өзүн орун басарымын деп тааныштырган адам биздин суроолорго толук жооп берүүдөн баш тартты.