• Жекшемби 4 Кулжа 2023
  • Воскресенье 4 Июнь 2023

Мыйзам бузган акча алмаштыруу жайы убактылуу ишин токтотту

28 апреля 2023 в 10:04 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мыйзам бузган акча алмаштыруу жайы убактылуу ишин токтотту. Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарынын Бейшеналиева көчөсү 38/1, дареги боюнча жайгашкан “Олимп Континент” алмашуу бюросунун 2022-жылдын 31-октябрындагы № 6386 лицензиясынын аракети 2023-жылдын 27-апрелинен тартып 6-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.

Ошондой эле КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Количество просмотров: 37