• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мыйзамсыз аӊчылык кылган 3 жаран кармалды

10 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө мыйзамсыз аӊчылык кылган үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоӊ районунда жайгашкан «Булуӊ» аймагында кыргоолдорго мыйзамсыз аӊчылык кылып жүргөн жеринен Бөкөнбаев айылынын тургундары 27 жаштагы А.Т., 32 жаштагы М.Б. жана 31 жаштагы Т.Н. кармалды.

«Кармалган жарандардан далил зат катары 3 сайсыз ок атуучу курал жана мыйзамсыз атылып алынган 6 баш кыргоол алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Тоӊ РИИБнин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, чогулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 376