• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салынды

24 Бештин айы 20229:33 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн К. И. Б. аттуу кыргыз жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Мындан тышкары, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Талас шаарынын Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан “Бема” алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети 22-декабрдан тартып 29-декабрды кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.

Количество просмотров: 215