Бишкек. 13.08.2019. Govori.TV 13.08.2019.
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Кыргыз Республикасынын жараны Т.А.Тнын башкаруусундагы “МЕРСЕДЕС БЕНЦ 310D” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Бул туурасында бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мусурканов билдирди.
Маалым болгондой, жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан төмөнкү товарлар кармалган:
Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.