• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мыйзамсыз кызматка келди делген Асанакунов соттон жеңди

10 Үчтүн айы 2020 11:33 Бишкек Govori.TV

Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун Жогорку сотто каралып жаткан иши токтотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.  

Билдирүүгө ылайык, сот Биринчи май райондук соту менен шаардык соттун чечимин жокко чыгарган.

«Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун мыйзамсыз шайланганы тууралуу доо арызды кароо токтотулду. Мындай талаш- тартыштар соттук эмес тартипте чечилет»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин мекеменин кызматкерлери Асанакунов кошуунга чогулган мүчөлүк акыларды мыйзамсыз жумшап, федерациянын карамагындагы эс алуучу жайларды багытсыз иштетип жатканын жана анын документтери жасалма экенин айтып, бир нече жолу митингге чыгышкан. Ал эки соттук инстанцияда аныкталган.

Количество просмотров: 201