• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мыйзамсыз лотерея өткөрүп келген адамдардын тобу аныкталды

1 Баш оона 2022 19:25 Бишкек Govori.TV

КР УКМК тарабынан Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш ишинкозголду.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагындабир нече жылдан бери мыйзамсыз лотереялык иштерди жүргүзүп келген адамдардын тобу аныкталган. Ал эми Лотерея билетинин баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин болгон. Ошол эле учурдабир эле турунда турунда 2800 билет сатылып турган. Лотереяда автоунаалар, кыймылсыз мүлктөр да ойнотулган. Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жалпы жүгүртүүнүн болжолдуу суммасы70 миллион сомго жакын болгон.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, уюштуруучулар лотереядан автоунаа утуп алганделген талапкерлерди тартууга барышкан, бирок иш жүзүндө алар аларды албай, муну менен башка катышуучуларды адаштырышкан.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик лотереяны уюштуруу иши лицензияланууга тийиш.

Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Количество просмотров: 255