• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 4582 кг., кондитердик азык түрлөрү кармалды

26 Теке 201916:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.07.2019.Govori.TV

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген кондитердик азыктар Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областынын Кызыл-Кия шаарында Кыргыз Республикасынын жараны М.К.Тнын башкаруусундагы “МАН” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 4582 кг., кондитердик азык түрлөрү кармалган товардын жалпы наркы 500 000 сомдон жогору.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 21