• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 000 кг. болгон кургатылган өрүк табылды

20 Баш оона 201912:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.08.2019. Govori.TV

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргыз Республикасынын жараны К.Н.Анын башкаруусундагы “Мазда Бонго” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 000 кг. болгон кургатылган өрүк табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы суммасы 525 000 сом.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Баткен областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 15