• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Мындан ары Нарын, Ысык-Көлгө каттаган таксилер эски автобекеттен кетет

11 Чын куран 202311:00 Бишкек Govori.TV

Шаарлар аралык таксилер каттам боюнча ири автобекеттерге бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Мекеме мындай аракет жол кыймылынын коопсуздугун жана иреттүүлүгүн камсыздоо, Батыш автобекетинин айланасындагы башаламандыкты жоюу максатын көздөй турганын билдирди.

Демилгени башкалаанын Биринчи май муниципалдык администрациясы көтөргөн.

Ошентип, Чыгыш багытына (Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б.) каттаган таксилер Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми батыш багытына (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткен ж.б.) каттаган таксилер Батыш автобекетинин аймагында жайгашат.

Мэрия Батыш автобекетинде тартипти калыбына келтирүү иштери башталып, тосмолор орнотулуп жатканын, бошогон муниципалдык жер тилкеси көрктөндүрүлөрүн жана унаа токтотууда эреже бузууларды каттоо үчүн видео камералар коюларын кошумчалады. Бирок иштин качан бүтөрүн, ошондой эле чыгыш багытында каттаган таксилер качан толук көчүрүлөрү так айтылган жок.

Количество просмотров: 4422