• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Мырзакматов: Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов менен жолуктум

8 Тогуздун айы 2020 18:45 Бишкек Govori.TV

Мелис Мырзакматов бүгүн 8-октябрда Ошто интервью берип жатып, “Мени Оштун тургундары чакырды келдим” дейт. Ал мэр же губернаторлук кызматты эңсебегенин белгиледи.

«Мени саясатка кирет деп ойлоп атышат көпчүлүк саясатчылар. Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов менен жолуктум ооба, биз алар менен мыйзамсыздыкка барбоону сүйлөштүк. Сүйлөшүү эч кандай жашыруун эмес, эшикти жаап алып отурган жокпуз. Мындан тышкары Акматбек Келдибеков менен дагы телефон аркылуу сүйлөштүм, “кандай, жакшы” деген гана сөздөр болду»,- дейт Мырзакматов.

Булак: turmush.kg.
Количество просмотров: 313