• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Надежда Атаева, эл аралык укук коргоочу: “Оппозициялык саясатчы Текебаевдин иши өзгөчө мааниге ээ!”

27 Бирдин айы 2018 11:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.02.2018. Govori.TV

Францияда жайгашкан «Борбор Азиядагы адам укуктары» деген уюмдун жетекчиси Надежда Атаева абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин эми эл аралык уюмдар карай турганын билдирди. Cегиз жылга эркинен ажыратылган оппозициялык саясатчынын иши боюнча доклад жакынкы күндөрү Улуттар Уюмунун атайын баяндамачыларына берилет. Бул боюнча, “Азаттык” үналгысынын кабарчысына ал төмөндөгүдөй маек куруп берген…

-Надежда айым эл аралык коомчулук дагы жакшы билгендей, Кыргызстандын соттору Өмүрбек Текебаевдин ишин бардык инстанцияда териштирип, райондук соттун өкүмүн өзгөрткөн жок. Мыйзамдык жактан бул ишке чекит коюлуп сот бул иште саясатчыны айыптуу деп тапты. Мындай шартта сиздер айтып жаткан эл аралык механизмдер кандайча иштейт?

-Ооба, сиз айткандай бул иш Кыргызстанда бардык сот инстанцияларынан өттү. Ошол эле маалда Текебаев  улуттар уюмунун адам укуктары комитетине арыздана алат. Жеке арыздарды кабыл алуу боюнча факультативдик протокол буга жол берет. 18 эл аралык эксперт Текебаевдин иши боюнча өз ой-пикирин билдире элек. Кыргызстан жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакты ратификациялаган. Ага таянып улуттар уюмунун адам укуктары комитети жеке арыз боюнча өз сунушун бере алат. Андыктан Текебаев азырынча өзүн коргоонун баардык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно элек. Алдыда чоң иш турат. Анын адвокаттарынын жана жарандык коомдун активдүү позициясынын көмөгү менен саясатчы өзүн коргоонун улуттук механизмдерин колдонуп бүтту. Эми эл аралык коргоонун алкагына өтүүдө. Биз болсо эл аралык механизмдерге Кыргызстандын бийлиги кандай реакция жасаарына карашыбыз керек. Абактагы саясатчы мындай мүмкүнчүлүктү толук колдонсо акыйкаттык орношу мүмкүн. Ошол эле маалды Текебаев кандайдыр бир каршылыктарга туш келиши да мүмкүн. Эгер андай болсо коомчулука кабардар кылабыз. Кыргызстанда бул иштин жагдайы татаал экендиги талашсыз, бирок буга чейин кыргыз бийлиги мындай иштерге оң болобу терс болобу өз реакциясын билдирип келген. Андыктан биз адилеттик орнойт деген үмүттү өчүрбөй турабыз.

-Түрмөдө жаткан Кыргызстандык саясатчынын иши боюнча сиздер даярдаган документтер улуттар уюмунун атайын баяндамачыларына берилгенден кийин алардын полномочениелерине эмнелер кирет? Алар эмне иш аткара алышат?

-Улуттар уюмунун атайын баяндамачысынын мандаты абактагы кишини жеринен барып көрүп келүүгө жол берет. Тилеке каршы биз сыяктуу укук коргоочу уюмдар атайын баяндамачынын чечимине таасир эте алышпайт. Биз атайын баяндамачыны иштин жагдайы менен гана толук кабардар кылып турабыз. Ал болсо мандатынын алкагында кыргыз өкмөтүнө өз каналдары аркылуу чукул билдирүү жиберет. Андан кийинки алардын кат кабары эмне сөз болуп жатканы жабык шартта жүргүзүлөт. Түрмөдөгү Текебаев дагы аралык алкакта иш жүрүп жатканын биле алат. Ошол эле маалды Европарламенттин жана АКШнын конгресмендеринин Кыргызстанга барып Текебаев менен жолугушууга уруксат сурап аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар. Биздин максатыбыз болсо бардык тарапка туура так маалымат берип, алардын өз мандатынын колдонуусуна өбөлгө болуу. Бул иш тууралуу адам укуктары боюнча эл аралык бардык уюмдар кабардар болгон соң Кыргызстандын өкмөтүнө дагы маалымат берилет. Биз эл аралык тиешелүү уюмдарга кат түшүндүрмө жазууга бир топ убакыт короттук. Биздин уюмга эле 100дөн ашуун киши кайрылып Текебаевдин ишине байланыштуу коментарий калтырышкан. Оппозициялык саясатчы Текебаевдин иши өзгөчө мааниге ээ. Анткени лидеринин айынан партиянын мүчөлөрү куугунтука кабылууда. Алардын арасында камалгандар жана дискриминацияга дуушар болгондор бар. Кыргызстанда жарандык саясий укуктар сакталыш үчүн болгон күчүбүздү үрөйбүз.

-Надежда айым Кыргызстанда түрмөдө Өмүрбек Текебаевдин укугу бузулуп жатат, ага басым көрсөтүлүп атат деп айтып келетасыз. Сиз жетектеген уюм Францияда жайгашкан. Анан алыстан туруп абактагы саясатчынын жагдайын кантип билип жатасыздар?

-Биздин уюмдун аралыктан туруп мониторинг жүргүзүүдө тажрыйбасы  бар. Биринчиден өлкө ичинде жайгашкан волоньтерлорубузга таянабыз. Ошондой эле Текебаевдин адвокаттары жана бул окуяга жакындан көз салган активистер менен такай байланыштабыз. Бардык сот процесстерине онлайн көз салып турдук. Баш кеңсебизде болсо бир адам жарандык коом өкүлдөрү менен үзгултүксүз кат-кабар алышып, медиага чыккан комментарийлерге көз салып отурат. Биз чакан баяндамаларды даярдап эл аралык уюмдарды кабардар кылып турабыз. Текебаевдин иши боюнча Европарламенттин депутаттары менен байланыштабыз. Азыр бул ишке АКШ конгресинин өкүлдөрү кошулду. Ушул тапта улуттар уюмунун атайын баяндамачысынын жардамчылары менен иштешип жатабыз. Кылмыш иши толугу менен саясий негизде ачылып, саясатчыны келаткан президенттик шайлоого катыштырбоону көздөгөн. Андыктан улуттар уюмунун эркин ой билдирүү боюнча атайын баяндамачысы бул ишке баасын берип өз оюн айтсын деп маалымат берип жатабыз. Текебаев абакта кандай шарттта отурат деген маселеге келсек саясий партиянын лидери ар-намысына шек келтирген шартта отурат. Бул аны дискридитациялоо максатында атайын жасалууда. Биз мына ушуга басым коюп жатабыз. 24 саат бою үч видео камеранын алдында болуу адамдын жеке чөйрөсүнө кийлигишүү, адамды коомдон бөлүп эркиндигинен ажыратуу деген анын жеке ар-намысына шек келтирүүгө жол бербейт. Мындай нерсе улуттар уюмунун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысынын көз жаздымына калбашы керек. Биз ушуга дагы көңүл буруп жатабыз. Адам укуктарын коргоонун кепили болгон Кыргызстандын президенти өз өлкөсүндө адамдын фундаменталдык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы үчүн болгон аракетти көрүүгө милдеттүү. Кыргызстандын саясий айдыңында Конституцияда каралган укуктар менен принциптердин сакталышы мамлекеттин негизги түркүгү . Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе Текебаев кандай шартта болсо дагы коомго таасир этип, өз талапкерлеринин урмат-сыйына татыктуу бойдон. Бул анын бышып жетилген саясатчы экенин айгинелейт.

Количество просмотров: 34