• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Намыска тийди». Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетүүгө даяр экенин айтты

19 Тогуздун айы 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан кетүүсү керек деген пикирилер тууралуу жооп берип, бүгүн, 19-октябрда парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, ал комитет төрагасы кызматынан тынч кетип калуу чечимине өткөн жыйындан соң келген.

«Бирок кечээ бир адам мени коомго чыгып далилсиз айыптады. Адилетсиз жамандады, намыска тийди. Аткаруу бийликтин өкүлү, ал дайындалган киши шайланган депутатка баа берип жатат. Муну кандай түшүнсөк болот. Жамаатыбызды бөлгүм келбейт, мен комитет төрагалыгынан кеткенге арыз жазууга даярмын», — деди ал.

Ошондой эле ал өз сөзүндө президент Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөшүү болгонун айтты.

Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү.

Кечээ, 18-октябрда Twitter баракчасы аркылуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов макулдашуу долбоорун колдоо боюнча комитеттин чечимине кол койбой жаткан комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбековго сын айтып, өз пикирин билдирген.

Количество просмотров: 989