• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Ушактарга маани бергим келген жок». Түлеев мэрлик кызмат боюнча билдирүү таратты

1 Бирдин айы 2022 12:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев акыркы учурларда коомчулукта тарап жаткан кептерге жооп берди. Анын айтымында, «Бишкектин мэри болосуңбу» деген суроолор ага көп бериле баштаган.

Белгилей кетсек, буга чейин жарандык активист Атай Бейшенбеков Түлеевди дал ушу маселенин айланасында ачык талкууга чакырган. Түлеев ага фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берди.

«Акыркы кездери менин Бишкектин мэри болум келип жатканым тууралуу кептер көп чыгып, а түгүл айрымдар чалып да сурап жатышат. Ушактарга маани бергим келген эмес. Ал эми Атай Бейшенбек мени бул маселе боюнча дебатка да чакырды. Бирок, тилекке каршы Кыргызстанга 2 айдан бери келе элекмин, февралдын экинчи жарымында келем. Мен талкуудан качпайм», — деген ал.

Түлеев анын программасына кызыккандар да болуп жатканыни айтып, ал аны бир жылга жетпеген убакыт мурун сунуштаганын, бул Ак-Бата партиясынын программасы экенин билдирди. Жана ал өлкөгө келгенде бул тууралуу кенен маалымат берип, эмне үчүн шайлоого барбаганын жана мэр болуу каалоосу жок экенин түшүндүрө турганын кошумчалады.

«Мэрлик кызмат боюнча дагы бир жолу айтам, менин планым да, өзгөчө каалоом да жок, анткени азыр маанилүү жана жүрөгүмө жакын маселелер менен алек болуудамын. Жашоодо негизгиси саясат жана кызмат эмес», — деп жазат Түлеев.

Количество просмотров: 79