• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нариман Түлеев парламентке аттанды

2 Аяк оона 2021 17:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Ак Бата» саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Камилова Наргиза Камиловнаны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары– Казыбекова Чолпон Асанкуловнаны дайындады.

Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.

Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.

Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.

Количество просмотров: 744