• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нариман Түлеев шаарды жаңыртуучу “300” программасын  ачыктады

30 Теке 201814:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.07.2018. Govori.TV

Экс-мэр Нариман Түлеев Бишкекти жаңыртып, жакшы жагына өзгөртүүчү “300” аталган программасын  жазганын ачыктады. Ал мунун өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.

Биз, буюрса кийинки мэр шайлоого катышабыз, ал үчүн “300″ программасын да иштеп чыктык. Аты айтып тургандай, бул программа 300 күн ичинде иштеп, шаардыктарга жаңырган борборду көргөзөт”,-деп билдирет ал.

Анда экс-мэр транспорт тармагы боюнча эл аралык гранттар, онорлор менен иштешип, 1000 автобус сатып келээрин, жолдордун курулу өзү курган Түштүк Магистралдай сапатта болоорун, жаңы конуштар борбордук бөлүккө көз карандысыз, жагымдуу шаардын бөлүктөрүнө айланаарын, 800дөн ашык жаңы заманбап лифттерди алуу боюнча өз байаныштары аркылуу келишими бардыгын, кары-картаңдар аз камсыз болгон шаарыдктар үчүн жылуулук, электр жарыгы боюнча субсидиялар болоорун айткан.

Эске сала кетсек, ал айрымдардын өзүн мэр болууга сунуштап жаткандардан баш тартып, буга саясий жана укуктук себептер бардыгын билдирген.

Количество просмотров: 19