• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Нариман Тюлеев коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерге батир берет

16 Чын куран 202019:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Тюлеев ишин жакшы аткарган дарыгерге бир бөлмөлүү батир берет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган видеокайрылууда айтты.

«Азыркы оор кырдаалда мен дарыгерлерге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Мен өзүм Бишкектин борборунда жайгашкан, ремонту бар бир бөлмөлүү батирди ушул оор кырдаалда өзүнүн ишин мыкты алып барып жаткан дарыгерге берем. Мындан тышкары башка да курулуш компанияларына кайрылам, дарыгерлерди колдоого алалы, кимдин колунан келсе», — деди ал өз кайрылуусунда.

Количество просмотров: 353