• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Нарматова менен Шаменов Бишкекке алынып келинет…

28 Тогуздун айы 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

Москвада жүргөн ишкер жана активист Ильгиз Шаменов Бишкекке келет. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, аны менен бир күн мурун кармалган Орозайым Нарматова Бишкекке алынып келинүүдө.

«Орозайым Нарматова экөөбүз учуп баратабыз. Бүгүн саат 15:00дө Бишкек аэропортуна конобуз. Көрсө, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Москвага өзү келип, бизди бергиле деп сураныптыр», — деп жазат активист.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милиция алып кеткен. Кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары Биринчи май сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалган.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 1663