Мындай пикирин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова билдирип, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин жамалдиновдун дарегине бир катар сындарды айтты.
Эске салсак, өткөн аптада депутаттар Алишер Козуев, Жусупбек Коргонбай уулу, Эмил Жусуповдор Зиядин Жамалдинов кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтып чыгышкан.
9-мартта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ЖК депутаттары тарабынан айтылган сын жана суроолорго жооп берип, өз дараегине айтылган айрым сындар негизсиз экенин билдирген.