• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ЖК комитети бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды

23 Үчтүн айы 2024 11:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жактырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына экинчи окууга кароого чыгарылат.

Эске салсак, Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөдөн каржы алып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүл” статусуна ээ болуп, атайын реестрге киргизилет. «Жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салган» аймактык тескөөчүлөрдү түзгөндүгү үчүн айып пул жана он жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жазасы сунушталган.

Количество просмотров: 75