• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарын Айыптын 90-жаштагы апасынын жанын кейиткен Атамбаев (видео)

20 Бирдин айы 2018 16:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.02.2018.Govori.TV

Журналист Нарын Айыптын апасы Райла Идинова «Үйүбүздү тартып алып, ушул жашта мени мөңкүрөтпөгүлө, соттор акыйкаттуу болгула»- деп сотторго кайрылды.

«Бул үйдө баламдын кылайган дагы эмгеги жок. Абышкам экөөбүз кезекке туруп алганбыз. Үйдү алганда абдан кубандык эле. 1928-жылы туулгам, 90 жашка чыктым. Абышкам экөөбүз тең мамлекетке кызмат кылдык. Эми карып, төрүмдөн көрүм жакын калганда абышкамдын үйүн тартып алган жатышабы? Менден үйдү алып коюшса,көчөдө каламбы? Бул туура эмес. Уктай албай, кайгырып  зээним кейип жатат. Ушул жашта мени мөңкүрөтпөгүлө, ушул үйдөн сөөгүм чыкса деп тилейм»-дейт журналисттин апасы Райла Идинова.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айып пул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен сөз болуп жаткан имараттар камакка алынган. Жакупова менен Нарын Айып Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан. Айыпталуучулар апелляциялык арыз каралган учурда камакка алынган мүлктү сатыкка коюу тууралуу жараянды токтото турууну өтүнүп, сот аны канааттандырган.

Ал эми Нарын Айып сот аткаруучулар сатыкка коймокчу болуп жаткан батир ата-энесиники экендигин билдирген.

Эскерте кетсек, Башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, «Zanoza.kg» сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот өкүмү чыккан.  Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган болчу.

 

 

 

Количество просмотров: 34