• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарын шаарында куюн аралаш шамал 7 турак үйдүн чатырларын учурду

13 Баш оона 201810:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.

Нарын шаарында куюн аралаш шамал 7 турак үйдүн чатырларын учурган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Нарын шаарында,12-август күнү саат 12:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталып, 7 турак үйдүн чатырларын учурган.

Кыргысыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Нарын шаардык 16-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмунөн 8 куткаруучу жана райондук Жарандык коргонуу(ЖК) комиссиясы тартылган. 

Куткаруучулар шамалдын кесепетинен учкан чатырларды коопсуз жерге ташыганга жардам беришкен жана ЖК комиссиясы тарабынан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 13-август күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.

 

Количество просмотров: 66