• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Нарын медресесине 100 студент кабыл алынды

21 Аяк оона 201911:50 Бишкек Govori.TV

2019-2020-окуу жылына карата Нарын медресеси биринчи курска 60 эркек студент кабыл алды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Учурда медресенин эркектер бөлүмүндө жалпы 76 студент билим алып баштады.

«Ал эми кыздар бөлүмү бул жылы жаңы 2 кабаттуу имаратка көчүрүлдү жана жаңы окуу жылына 40 кыз кабыл алынды. 2-курстарды эсепке алганда жалпы 50 кыз окуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кыздар бөлүмү 2018-жылы ачылып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Учурда Нарын медресесинде жалпы 126 студент билим алууда.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 46