• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Нарын облусунда коомдук-саясий абал туруктуу

10 Баш оона 201914:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.08.2019.Govori.TV.

​Учурда Нарын облусунда коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

​Маалыматка ылайык, 9-август күнү кечке маал Нарын облусунун Нарын районунун Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы Кара-Чий айылынын жанында чогулган эл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен эки тараптуу бир нече сүйлөшүүлөрдөн соң боз үйлөрүн чечип, тарап кетишкен.

​Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» кытай компаниясынын ишине тийиштүү маселе боюнча чогулган элдин лидерлери менен бир нече ирет жолугуп сүйлөшүшкөн.

​Жолугушуу учурунда Аманбай Кайыпов учурда болуп жаткан саясий абалды эске алып, чогулган эл чагымчылыкка жана бузуку күчтөргө кабылып калбашы керектигин эскертти. Ошол эле учурда эл Солтон-Сары кениндеги маселе боюнча гана чогулганын, андан башка максаты жок экенин алардын лидерлери баса белгилешти.

​Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында элдин талабы угулуп, аларды мыйзам чегинде чечүү максатында тийиштүү протокол түзүлдү. Андан соң топтолгон эл боз үйлөрүн чечип, тарап кетишти.

​Эскерте кетсек, жергиликтүү жашоочулар Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Zhong Ji Mining Company» компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Количество просмотров: 15