• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Нарын облусундагы райондордун акимдерине унаалар тапшырылды

26 Бирдин айы 202310:18 Бишкек Govori.TV

25-февралда Нарын облусундагы Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондорунун мамлекеттик администрация башчыларына — акимдерине кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, автоунаалардын ачкычын президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Сабыркул Ашимбаев жана Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов тапшырды.

Президенттин тапшырмасы менен президенттин иш башкармалыгы тарабынан алыскы аймактар үчүн Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатылып алынган. Анын ичинен 5 унаа Нарын облусундагы акимдерге берилди.

Количество просмотров: 1170