Өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп, мурдагы губернатор Аманбай Кайыпов дайындалган. Тиешелүү жарлыкка КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Эске салсак, Аманбай Кайыпов кечээ, 4-сентябрда өз каалосу менен жазган арызынын негизинде Өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган.