• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

6 Бештин айы 2018 12:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.12.2018.Govori.TV
Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер акадмиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2018-жылдын 6-декабрь күнү саат 11:05те Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Количество просмотров: 36