• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Нарында 13 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды

3 Жетинин айы 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

Жумгал районунда 54 жаштагы жаран 13 жаштагы кызын зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Жумгал РИИБнүн башчысынын орун басары Р.Ж. билдирме менен кайрылып, анда Жумгал районунун тургуну 1967-жылы туулган С.Т. узак мезгилден бери өзүнүн кызы 2008-жылы туулган Т.Рны мажбурлап жыныстык катнашта болуп жүргөндүгү боюнча маалымат алынып, аны толук кандуу текшерип, мыйзам чегинде чечим кабыл алууну сураган.

Аталган факт үстүбуздөгү жылдын 21-сентябрында Жумгал РИИБнүн электрондук каттоосуна алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө С.Т 2010-жылы 1967-жылы туулган өзүнүн аялы Ш.Эни өлтүргөндүгү боюнча сот жообуна тартылып, 2018-жылы жазасын өтөп чыкканы маалым болгон.

«Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү С.Т.суракка алынып, көрсөтмөгө ылайык, ал кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун, буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин жасагандыгын айткан. Ал эми, өспүрүм Т.Р. 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгенин билдирген.

Азыркы учурда шектүү Жумгал райондук сотунун токтому менен эки айга, тактап айтканда 21-ноябрга чейин камакка алуу чечими чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 1293