• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Нарында 17 жаштагы өспүрүмдөр баш кошуп алышкан

10 Тогуздун айы 201914:04 Бишкек Govori.TV

Нарын районунун Миң-Булак айылында 17 жаштагы өспүрүмдөр баш кошуп алышкан. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 8-октябрь күнү Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Куйбышев айылында жашы жете элек, тактап айтканда 17 жаштагы жаш өспүрүмдөр үйлөнүп алышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, 2002-жылы туулган Э.у.Ж. менен 2002-жылы туулган Б.к.Ж. жашы жете электе баш кошуп жаткандыгы аныкталган.

«Бул жаш өспүрүмдөр 9-классты аяктаган соң өз каалоосу менен мектептен чыгып, Бишкек шаарында тигүү цехинде иштеп жүрүп ошол жерден таанышып калышкан. Алар ата-энесинин макулдугу менен үйлөнүү чечимин чыгарышкан. Бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Айыл тургундарынын айтымында, эки өспүрүм 7-октябрда үйлөнүп, нике кыйдыруу үчүн молдо чакырышкан. Молдо эрте никеге турууга болбостугун айтып, 8-октябрда милицияга кабар берилген.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, облус аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эрте никеге туруусу боюнча ЖӨИИнын кызматкерлери билим берүү жана дин тармагынын адистери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Булак: Тurmush.kg

Количество просмотров: 163