Нарында 46 жаштагы эркек киши зордукталганы боюнча факты катталган. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, бул факты боюнча «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
«Бул факты 2021-жылдын 16-ноябрында катталган. 1976-жылы туулган М.Ж. аттуу жаранга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасалганы кабарланган. Буга чейин бир катар экспертиза дайындалган. Ал эми азыр комплекстүү экспертиза дайындалып, териштирүү иши жүрүп жатат. Шектүүлөр камакта эмес», — деп айтылат маалыматта.