• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

30 Чын куран 2023 9:50 Бишкек Govori.TV

Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-апрелде саат 21:00 чамасында милицияга Нарын районундагы Орто-Нура айылынын А.к.Н. аттуу тургуну кайрылып, 7 жаштагы Ж.А.Ж. аттуу кызы ошол күнү саат 12де үйүнөн чыгып, мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факты Нарын райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Ошол эле күнү айыл эли чогулуп, издөө иштерин уюштуруп, болжол менен саат 22:10 чамасында аталган айылдагы кароосуз калган үйдүн ичинен кыздын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция тарабынан кылмышка шектүү делип, Орто-Нура айылынын 64 жаштагы Ш.Х. аттуу тургуну кармалган. Ал мас абалында болгон.

Аталган факт Нарын райондук милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү Ш.Х. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул факт ИИМдин жана Нарын ОИИБнин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.

Количество просмотров: 147