• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 130 тонна көмүр таратылды

2 Бештин айы 2022 9:28 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында аз камсыз болгон жана майыптыгы бар жарандарга 130 тонна көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка караганда, көмүр КРнын президентинин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун көрсөтмөсүнө ылайык алып келинген.

«Нарын шаарындагы аз камсыз үй бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана үйүнөн тейленген жалгыз бой карыларга социалдык өнүгүү, эмгек жана миграция башкармалыгынын көзөмөлү астында таратылууда», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Нарын шаарындагы жардамга муктаж 400 үй бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 1000 сомдон таратылды.

Количество просмотров: 101