• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нарында эки адамдын урушу өлүм менен аяктады

1 Кулжа 2021 16:57 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда милиция кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү саат 12:00 чамасында Нарын РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Казан-Куйган айылынын 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну өзүнүн үйүнөн белгисиз себептерден улам каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Милиция кызматкерлери бул фактынын чоо-жайын аныктоо максатында иликтөө иш-чараларын жүргүзөн. Анда Казан-Куйган айылынын 1993-жылы туулган тургуну 24-май күнү саат 21:00 чамасында өзү менен тең айылдашы менен жер сугарып жүрүп, ошол жерден спирт ичимдигин ичип ортодо пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен.

Натыйжада А.Н аттуу жаранды айылдашы кол менен бет тушка уруп жиберген. Ал денесинен алган жаракатынан улам шайы кетип жатканда, аны сабаган тургун айылдашына чалып спирт ичимдигин алып келип берчи деп аны окуя болгон жерге чакырган. Айылдашы келген учурда сабалган жаран өзүнө келе албай калган жана аны үйүнө жеткирип барганда каза болуп калгандыгы аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-беренеси «ден соолукка оор зыян келтирүү» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркумду сабаган 1993-жылы туулган айылдашы кылмыш ишине шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Количество просмотров: 451