• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

22 Үчтүн айы 202012:04 Бишкек Govori.TV

Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жердин силкинүүсү Тегерек, Лайлы-Суу, Ак-Кудук айылдарында төрт балл, Кадыралы, Шоро, Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, 8-Март, Сары-Иймек, Лесхоз айылдарында 3,5 балл, Ак-Кудук, Кара-Ой, Учкун, Достук, Миң-Булакта үч жана Нарын шаарында 2,5 балл болуп сезилди.

Былтыр 29-декабрда Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.

Количество просмотров: 62