Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.
Нарын облусунун аймагына жыл аягына чейин жол коопсуздугун сактоо максатында 20 видеокөзөмөл коюлат. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын башчысы Ж.Жумаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин облустун аймагында 13 видеокөзөмөл коюу пландалган.
«Бирок кайра карап көрүп, кооптуу жерлерди аныктап чыгып, кошумча 7 видеокөзөмөл коюлмай болду. Бул иштер жыл аягына чейин ишке ашырылат. 5 видеокөзөмөл Нарын шаарына, Кочкордогу Сары-Булакка, Оттук айылына, Ат-Башы, Ак-талаа жана Жумгалга коюу мерчемделүүдө», — деди ал.
Булак: turmush.kg