• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Нарында куткаруучулар алтын кенде иштеген жумушчунун сөөгүн муздун астынан алып чыгышты

7 Чын куран 202319:57 Бишкек Govori.TV

Нарында куткаруучулар алтын кенде иштеген кызматкердин сөөгүн муздун астынан алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен.

Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук ӨК бөлүмүнүн суучул-куткаруучусу жана куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин аткарышты.

Алардын тынымсыз аракетинен соң 7-апрелде саат 09:12де жогоруда аталган жарандын сөөгү муздун астынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 512