• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында кыз ала качууга жана зордуктоого шектелип жаткан жаран күнөөнү мойнуна албай койду

28 Баш оона 2018 11:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.08.2018.Govori.TV.
Кыз ала качууга жана зордуктоого шектелип жаткан жаран күнөөнү мойнуна алган жок. Кылмыш иши Нарын облусуна караштуу Жумгал райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Сот иштеринин жүрүшү жабык түрдө болот. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, соттолуучу күнөөнү мойнуна албай жатат. Ал кызды зордуктабай макулдугу менен  болгондугун айткан.
Мындан тышкары кызды ала качууга көмөктөшкөн жигиттин эжесине дагы айып тагылууда. Ал жабырлануучуну үйүнөн алдап алып чыгып, жигиттин колуна салып берген.
Количество просмотров: 33