• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Нарында милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

17 Жалган куран 2023 9:51 Бишкек Govori.TV

Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 14-мартта УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына З.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 9-мартында Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз эле кемсинтип, сөгүп, анан бөтөлкө менен уруп, ден соолугуна зыян келтирүүгө аракет кылышканы айтылат. Бул боюнча З.К. 102 кызматына телефон чалган, бирок келген милиция кызматкерлери шалаакылык мамиле кылып, эч кандай мыйзамдуу чараларды көрбөй окуя болгон жерден кетип калышкан.

Мекеменин көзөмөл камераларынан алынган видеоматериалдарга караганда, милиция кызматкерлери арыз ээсинин жүйөлөрүнө чындап эле тийиштүү аракет кылбаганы, андан тышкары кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдардын аларды шылдыңдап, кол салуусуна жол беришкен, муну менен анын конституциялык укуктары бузулганын көрсөтүп турат.

Белгилей кетсек, ушундай окуялар ички иштер органдарында мурда да (Нарын облусунун Кочкор РИИБ жана Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБ) болгон.

Бул жагдайлар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө түзүлүп жаткан жагымсыз кырдаалды көрсөтүп, бул мамлекеттин учурдагы саясатына терс таасирин тийгизүүдө.

Количество просмотров: 2802