• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында окуучулар контейнерден жаңы клубка көчөт

6 Аяк оона 2019 20:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-сентябрда Нарын облусуна караштуу Кеңеш айылына КРнын вице- премьер министри Алтынай Өмүрбекова, ЖКнын депутаты Алтынбек Жунус уулу барды. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Айылдагы абал менен таанышсак, ал жакта мектепке жакын, курулушу бүтүп, азыраак жумушу калган жаңы клуб бар экен. Өкмөт тез арада суук тушо элеке чейин, ошол клубдун ички жылуулук системасын бүтүрүп, майда-чүйдө бүтө элек жумуштарын жазап, контейнердеги кысылып, аба жетип-жетпей окуп жаткан 4 класс окуучуну клубга көчүрүүнү өз мойнуна алды. Бирок, жаңы мектептин курулушу да башталып, кийинки окуу жылына чейин 150 орундуу мектеп толук курулуп бүтүп, ишке берилээри да бекем убада кылынды. Кеңештиктер маселени убактылуу болсо да колго алып, контейнер мектепти курган акимге, жергиликтүү бийликке нааразы эмес, тескерисинче, ыраазы экен. Эч уяты жок экенин, өкмөттүн абалына түшүнүү менен мамиле кылышаарын Алтынай Сейитбековна экөөбүзгө билдиришти. Кыскасы, буюрса, контейнерден окуучулар жаңы клубка көчүп, эмдиги жылы жаңы мектептин босогосун атташат. Биз да бул ишке керектүү жардамыбызды берип, көзөмөлгө алабыз. Уялбай, иштей берели»,-деген билдирүүсүн калтырган.

Количество просмотров: 669