• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында жайлоосуна барып, дайынсыз болгон жарандар табылды

18 Бештин айы 201812:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.12.2018. Govori.TV

Нарында эки баласы менен жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран табылды. Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы каарлагандай, Нарын районунда 16-декабрь күнү саат 23:04тө 1975-жылы туулган Н.А.аттуу жаран эки баласы менен «Toyota Kluger» үлгүсүндөгү унаасын айдап Соң-Көл-Кара-Тал унаа жолу аркылуу Соң-Көл жайлоосуна чыгып кетишип, кайра байланышка чыккан эмес.


17-декабрь күнү ӨКМнын Нарын шаардык №16-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 3 куткаруучусу кабарсыз болуп жатканы издөө максатында жолго чыгышып, Н.Адабаевдин үй-бүлөсү менен “Кырк боз үй” тилкесинен жолугушкан.

Маалыматта анын жана балдарынын абалы жакшы экени айтылат.

Количество просмотров: 99