• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

Нарында жер титиреди

20 Чын куран 2024 9:31 Бишкек Govori.TV

Нарында жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 2:29да Кыргызсандын аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылында 3,5 баллга чейин, Нарын шаары, Эчки-Башы, Куйбышев, Миң-Булак, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал, Жан-Булак, Оттук, Казан-Куйган, Кеңеш жана Орто-Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген. (Эмгекчил айылынан 6 чакырым чыгышка, Миң-Булак айылынан 9 чакырым түндүк чыгышка, Нарын шаарынан 9 чакырым түндүк батышка, Куйбышев айылынан 10 чакырым чыгышка).

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 316