• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Нарында жер титиреди

19 Чын куран 2020 9:44 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дер титирөө 18-апрелде кечки саат 17:24тө катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кочкор районунун Арсы, Кара-Тоо, Кочкор, Семиз-Бел айылдарында-4 балл, Чолпон, Туз, Кара-Күңгөй, Саз, Орто-Токой айылдарында-3,5 балл, Комсомол айылында жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Тоң районунун Ак-Өлөң айылында-3 балл, Оттук айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 317