• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Нарында жергиликтүү кеңештин депутаты опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

19 Аяк оона 2018 10:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV

17-сентябрында МУКК ККК тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ат-Башы районуна карашту айылдарынын биринин айылдык кеңешинин төрагасы, 1968-ж.т. Б.А. 15 000 (он беш миң) сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

Кармалган адам аймактык энерго компаниянын кызматкерин өзүнүн абоненттеринен акча каражатын опузалап талап кылгандыгы фактылары бар деп, жогору турган бийлике даттанаарын айтып 20 000 сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Нарын облустук прокуратурасы негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-(опузалап пара талап кылуу) беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган адам Нарын шаарынын Тергөө камак жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 24