• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Нарында жол кырсыгынан 1 киши каза болду

23 Бештин айы 2021 10:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрга караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында «Skoda Octavia» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, дагы бирөө жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 3136